Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
2009-жылдын 4-сентябрындагы № 187 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
сыйлыктары жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
2009-жылдын 30-октябрындагы № 217, 2013-жылдын 19-декабрындагы № 144, 2019-жылдын 27-июнундагы № 1266, 2019-жылдын 31-декабрындагы №2878, 2020-жылдын 24-июнундагы № 71, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 91 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
I. НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР
Юстиция органдарынын тутумундагы кызматкерлерди моралдык жана материалдык жактан дем берүү жана сыйлоо, ошондой эле башка адамдардын юстиция органдарынын түзүмүн өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу жана сыйлоо максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин төмөнкү сыйлыктары белгиленсин:
- «Юстициянын мыкты кызматкери» медалы;
- «Сиңирген эмгеги үчүн» биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы медалы;
- «Кызматташтык салымы үчүн» медалы;
- Ардак грамотасы.
«Сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен юстиция системасындагы кызматкерлер сыйлыктанышат.
Сыйлык берүүдө сыйлануучунун мүнөзү, сиңирген эмгегинин даражасы, жана анын юстиция органында болгон кызматынын стажы аныкталат.
Жарандарга сыйлык берүү алардын юбилейине байланыштуу берилбейт.
Даражалуу сыйлыктарды кошпогондо, сыйлыктарды бир эле адам бир эле сыйлыктар менен эки жолу сыйланбайт.
Юстиция органдарынын системасынын кызматкерлерин Юстиция министрлигинин кезектеги сыйлыктарына көрсөтүү, баатырдык, каармандык, тайманбастык эрдик көрсөткөндүгү жана кызматта жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин чечиминин негизинде болгон учурларды кошпогондо, буга чейин сыйлык берилгенден кийин кеминде эки жылдан кийин берилиши мүмкүн.
II. СЫЙЛООНУН ШАРТТАРЫ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Ардактуу грамотасы
Юстиция министрлигинин ардак грамотасы менен юстиция органдарынын системасында эреже катары 2 жылдан кем эмес иштеген жана кызматтык иш-аракеттеринде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен юстиция органдарынын системасынын кызматкерлери, юстиция органдарынын алдында сиңирген эмгеги, коомдук иштерде, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта олуттуу жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары, чет-өлкөлүк жарандар, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, мамлекеттик жана башка уюмдардын кызматкерлери сыйланышат.».
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
«Синирген эмгеги үчүн» медалы
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен юстиция органдарынын системасынын кызматкерлери жана ардагерлери узак убакка чейин болгон күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн, профессионалдык чеберчилиги үчүн, кызмат иш-аракеттеринде жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн юстиция органдарынын өнүгүсүнө бир кыйла салым кошкон үчүн сыйланышат.
Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин медалы үч даражадан турат:
- «Сиңирген эмгеги үчүн» I даражадагы медалы;
- «Сиңирген эмгеги үчүн» II даражадагы медалы;
- «Сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы медалы.
«Сиңирген эмгеги үчүн» медалы ырааттуу түрдө: «Сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы медалы юстиция системасында 4 жылдан кем эмес жумуш стажы бар адамдарга, II даражадагы - юстиция системасында 6 жылдан кем эмес жумуш стажы бар адамдарга, I даражадагы - юстиция системасында 9 жылдан кем эмес жумуш стажы бар адамдарга ыйгарылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Сиӊирген эмгеги үчүн» медалы ошондой эле жеке нотариустарга, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү тутумунда катышкан адвокаттарга ыйгарылышы мүмкүн.
Юстиция органдарынын системасынын карамагына мамлекеттик орган өткөрүп берилген учурда, юстиция системасындагы жумуш стажга мурдагы иштеген мамлекеттик органдагы жумуш стажы кошулушу мүмкүн.
Кээ бир учурларда Кыргыз Республикасынын юстиция министри юстиция органынын системасынын кызматкерлерине жана жумушчуларына «Сиңирген эмгеги үчүн» III, II даражадагы медалын өтүп, «Сиңирген эмгеги үчүн» I даражадагы медалы менен сыйлык бере алат.
Ошондой эле, юстиция системасындагы жумуш стажды эсепке албастан «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен саясий же атайын мамлекеттик кызматты, статс-катчынын кызматын ээлеген же мурда ээлеген жана юстиция органдарынын системасынын өнүгүүсүнө өзүнүн өзгөчө салымын кошкон адамдар сыйланышы мүмкүн.
«Сиңирген эмгеги үчүн» медалы төштүн сол жагына тагылат.».
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
«Кызматташтык салымы үчүн» медалы
«Кызматташтык салымы үчүн» Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин медалы менен кызматташууну бекемдөө ишине жана юстиция органдарынын тутумунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон кызмат адамдар жана Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле юстиция органдары менен чет элдик жарандар сыйланат.
«Кызматтык салымы үчүн» медалы төштүн сол жагына тагылат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
«Юстициянын мыкты кызматкери» медалы
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» медалы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жогорку сыйлыгы болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» медалы менен юстиция органдарынын, сот системасынын, укук коргоо органдарынын, жогорку окуу жайларынын, Президенттин, Жогорку Кеӊештин, Өкмөттүн аппараттарынын, кызматкерлери жана жумушчулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн мүчөлөрү, ошондой эле, юридикалык адистиги боюнча 10 жана андан жогору жумуш стажы бар жана узак убакыт күжүрмөн кызмат (иш) өтөгөндүгү, жумуштагы жогорку профессионалдуулугу, юриспруденция чөйрөсүндөгү сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн башка жактар сыйланат.
«Өзгөчө учурларда юстиция органдарынын системасынын өнүгүүсүнө салымын кошкон үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министри жумуш стажды эсепке албастан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» медалы менен сыйлай алат.».
Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин «Юстициянын мыкты кызматкери» медалы төштүн оӊ жагына тагылат.
III. СЫЙЛЫККА КӨРСӨТҮҮНҮН ТАРТИБИ
Юстиция органынын системасындагы кызматкерлерин жана башка жактарды сыйлоого сунуштоо статс-катчы, министрдин орун басарлары тарабынан, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын аймактык ведомстволорго караштуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан, аларды кийинки Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин комиссиясында кароо үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрине киргизилет.
Ошол көрсөтүүлөрдүн кароо жыйынтыгынан кийин Министрликтин комиссиясы тарабынан кыргыз Республикасынын Юстиция министринин кароосуна ылайыкталган сунуш киргизилет.
Кыргыз Республикасынын юстиция министри өзгөчө учурларда жактарды юриспруденция чөйрөсүндөгү сиңирген эмгеги жана жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүүнүн тартибин сактабастан өзүнүн демилгеси боюнча сыйлоого укуктуу.
IV. СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРУУ ТАРТИБИ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу шартта сыйлануучунун жеке өзүнө тапшырылат.
Ошону менен бирге сыйлануучуга сыйлыкка жараша күбөлүк берилет.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктары министр, министр жок учурда статс-катчы, же анын орун басарлары, жана министрдин тапшырмасы менен юстициянын облустук жана шаардык башкармалыктарынын начальниктери тапшырышат.
Кызматкерлердин эмгек китепчесине сыйлоо тууралуу жазуу киргизилип,өздүк иште сыйлоо жана буйруктун көчүрмөсү тиркелет.
Сыйлоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кадрлар башкармалыгынын атайын журналында катталат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктарына ээ болгондоранын сактоосун камсыздашы керек. Эгерде, сыйлыкты жана ага караштуу документтерди жоготуп жиберсе, сыйлануучулардын сыйлыкка болгон укугу сакталат.
Медалдардын жана ардак грамоталардын дубликаттары берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктарынын документтеринин дубликатын берүү, арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин чечими менен берилет.